Депутаттар бала бакчалардагы тамак-ашты ата-энелер гана төлөгөн норманы алып салды. Демилгени депутат Элвира Сурабалдиева баштаган бир нече депутат иштеп чыккан. «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору Жогорку Кеңештин 11-апрелдеги жыйынында үчүнчү окууда кабыл алынды.

Баяндама жасаган Социалдык саясат боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Аида Исатбек кызы мыйзам долбоорунун максаты мектепке чейинки билим берүү боюнча жарандардын конституциялык укуктарын камсыздоо болуп эсептелерин белгиледи. Ошондой эле бала бакчаларда тамак-ашты ата-энелер гана төлөгөн ченемди алып салуу болуп саналарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 11-августунда кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылган норма киргизилген эле.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *