Бишкек шаарында улуу жазуучу Ч.Айтматовдун бейнесин чагылдырган “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” аталышындагы китептин бет ачары болуп өттү.

Иш-чарада Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева сөз сүйлөп, анда “Адам түбөлүктүүлүгү эстутумда” китебинде буга чейин кеңири окурмандар коомчулугуна белгисиз болгон, үй-бүлө мүчөлөрүнө гана белгилүү болгон маалыматтар, жазуучунун чыгармаларынын прототиптери жөнүндө, айрым чыгармалардын жазылыш тарыхы жөнүндө сөз болгондугун айтты.


Кыргызпатенттен билдиришкендей, Роза Айтматова жана Асан Ахматовдун калемине таандык китеп Кыргыз ССРинин эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жарык көргөн.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *