Ош шаарында эки деңгээлдүү өтмөк курууга даярдык башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.


Эки деңгээлдүү өтмөк А. Шакиров менен Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп, жер астынан-үстүнөн унаалар жана жөө жүргүнчүлөр өтүүгө ылайыкталууда. Ы. Монуев көчөсүн “Кыргыз Көчү” босогосунан А. Масалиев кең көчөсүнө чейинки аралыкты оңдоп-түзөө иштери башталды. Анын алкагында тиешелүү адистер тарабынан учурда элге түшүндүрүү иштери, кызыл сызыктын чегинен чыгып кеткен имараттарды алып салуу, курулуш иштерин баштоо үчүн долбоордо каралган жерлерди даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.


Бул Ош шаарында жасалуучу негизги ири долбоорлордун бири.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *