Бажы кызматы өткөн жылы 157 млрд сомдон ашык киреше тапты

Мамлекеттик бажы кызматы 2025-жылы 157,4 млрд сом киреше тапты. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 6 эсеге көп: ал жылы кызмат 28 млрд сом чогулткан.

Бул маалыматтар Бажы кызматынын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегияда айтылды.

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев өсүштү «Смарт бажы» санариптик платформасынын ишке кириши менен байланыштырды. Анын айтымында, бул система ажырымдарды кыскартып, көмүскө ишмердүүлүктү азайтууга шарт түздү. Ошондой эле бажы төлөмдөрү бюджет кирешесинин 25%дан ашыгын түзөрү белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *