Таласта 31-августка чейин робот-гиддери бар «Баластан» көңүл ачуу борбору курулат

Таласта «Баластан» аттуу заманбап балдар көңүл ачуу комплексинин курулушу текшерилди. 17 миң чарчы метрлик объект Шамбетова көчөсүндө салынып жатат, курулушту 2026-жылдын 31-августуна чейин — Эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүрүү пландалууда.

Борбордо музейлер, лабиринттер, кинотеатрлар, боулинг жана балдардын интеллектуалдык өнүгүүсү үчүн атайын аянтчалар болот. Долбоордун өзгөчөлүгү — жасалма интеллект: 5–6 роботту алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, алар гид болуп иштеп, коноктор менен кыргызча сүйлөшөрү айтылды.

Учурда курулушта 115 жумушчу эмгектенип, иштер кышта да токтогон жок. Бийлик 2026-жылы Эгемендүүлүк майрамынын республикалык негизги иш-чаралары Талас облусунда өтөрүн белгилеп, ири объекттерди 31-августка чейин бүтүрүү тапшырмасы коюлганын билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *