Аксылык ветеринарлар жасалма уруктандыруу боюнча окутулду

2026-жылдын 28–30-январь күндөрү Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунан келген ветеринардык дарыгерлер үчүн «Ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруу» темасында окуу-тренинг өткөрүлдү.

Окуу программасы 3 күнгө созулуп, теориялык жана практикалык сабактарды камтыды.

Катышуучулар ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруунун заманбап ыкмалары, санитардык талаптар жана практикалык көндүмдөр боюнча билим алышты. Бул окуу мал чарбасында өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, ветеринардык адистердин кесиптик деңгээлин көтөрүүгө жана жасалма уруктандыруу кызматтарын аймактарда кеңейтүүгө багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *