Күрөш федерациясы кыргыз балбаны болгариялык Айк Мнацаканян менен беттешерин билдирди. Экөө буга чейин төрт жолу күч сынашкан. Жалпы эсеп — 2:2.
Мнацаканян дүйнө жана Европа чемпионаттарында бир нече байге алган. Ошондой эле Олимп оюндарына эки жолу катышкан спортчу.
Алардын кармашы 13-февралда Бишкекте өтө турган SUPER 4 WRESTLING турниринин башкы беттеши болот.
