АКШ 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүүнү токтотот

АКШ 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүүнү токтотот. Fox News телеканалы тизмектеген 75 өлкөнүн арасында Кыргызстан дагы бар.

Мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттерден Азербайжан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Грузия жана Молдова да кирген.

21-январда күчүнө кире турган жаңы эреже канча убакытка созулары белгисиз.

Иммиграциялык виза бул ошол өлкөдө узак мөөнөткө же түбөлүк жашоо үчүн бериле турган расмий уруксат. Жаңы чектөөгө туризм же окуу максатындагы визалар кирбейт.

Жакында эле АКШ бир нече өлкөнүн жарандарына туристтик жана иш сапар визасын алуу үчүн 15 миң долларга чейин күрөө коюу талабын киргизген. Тизмеде Кыргызстан дагы кирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *