Президенттин иш башкармалыгынан автоунаа айдоону окуп-үйрөнүүнүн жаңы тартиби боюнча түшүндүрмө беришти.
Алар негизинен төмөнкүдөй:
«В» жана «С» категориясындагы айдоочулук күбөлүктөрдү алуу боюнча окуу программа бекитилди.
«В» категориясы үчүн окуунун мөөнөтү 10 айды (жалпы 480 саат) түзөт. Программада жолдо жүрүү эрежелеринин теориясы, жол кырсыкта биринчи медициналык жардам берүү, айдоочунун этикасы, автоунаа башкаруунун психологиялык-физиологиялык негиздерин окутуу, практика камтылган
«С» категориясындагы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн окуунун мөөнөтү 10 ай (422 саат).
Ал эми «В», «С» категориясына ээ болом дегендер 576 саат окуйт
экзамендерди жасалма интеллект кабыл алат. Мурда 750 суроо болсо, эми анын саны 2000ге жетти.
Эгерде окуунун баасы мурда 25-35 миң сом болсо, эми өзгөрөт.
Атайын платформа түзүлөт да, окуй турган киши арызын ошол жерге калтырат.
Окуунун баасы, арызды берүүнүнү жол-жобосу жана автомектептер тууралуу маалыматтар кийинчерээк берилет.
Ал эми келечектеги курсанттар үчүн окутуу материалдары даяр.
