Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токтобаевдин тапшырмасы менен “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасына жаңы гараж, дан кампасы жана кыш мезгилинде айыл-чарба техникалардын оңдоочу жай курулуп жатат.
Таштанды талаасына айланган жерди пайдалуу жакка иштетүү боюнча мэрдин демилгеси ишке ашырылууда. Жакынкы күндөрү жаңы обьектилер пайдаланууга берилет.

Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасы шаар аймагындагы дыйкандарга ыңгайлуу шарт түзүү багытында жана калаа тургундарынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жаатында иш алып барат. Мэрдин тапшырмасы менен аталган муниципалдык мекеменин муктаждыктарын чечүү иштери колго алынган. Буга чейин Жеңишбек Токторбаев ишканага Porter унаасын тапшырган болчу.

