Анын айтымында, бул Пакистандын ортомчулугу менен жүзөгө ашкан. Тегеран Ормуз кысыгын ачып, кемелердин коопсуздугун камсыздоого макул болгон.
“Ирандан 10 пунктудан турган сунуш алдык, аны макулдашуу үчүн негиз деп эсептейбиз”, — деди Трамп.
Ал эми Ирандын коопсуздук кеңеши АКШны 10 пунктудан турган планды кабыл алууга мажбурлап, жеңишке жетишкенин жар салды.
Ирандын маалыматына ылайык, АКШ Ормуз кысыгына көзөмөлдү Тегеранга калтырууга, компенсация төлөөгө, санкцияларды алууга, уран байытууга уруксат берүүгө жана Жакынкы Чыгыштан аскерлерин чыгарууга макул болгон.


