7-апрелде Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар Автандил Таалайбек уулу, Акжол Махмудов жана Асан Жанышов грек-рим күрөшүнөн чемпион болушту.
Автандил Таалайбек уулу (63 кг чейин) финалда ирандык Ахмад Мохсен Нежадды, Акжол Махмудов (77 кг чейин) ирандык Али Забихолла Оскуну жана Асан Жанышов да (87 кг чейин) ирандык балбан Голамреза Фарухини утту.
Күрөштүн бул түрүнөн эртең, 8-февралда кыргызстандык балбандар бир алтын жана эки коло байге үчүн таймашат. Раззак Бейшекеев 67 килограммга чейинки салмакта финалда жапониялык Кенсуке Шимизу менен беттешет. Коло байге үчүн Амантур Исмаилов (72 кг чейин) кытайлык Донгю Ли менен, Мелис Айтбеков (97 кг чейин) дагы бир кытайлык Зеганг Ванг менен күрөшөт.


