Каттоо Кытай рыногуна чыгуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат жана экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы аркылуу жүргүзүлөт.
Каттоонун жарактуулук мөөнөтү 5 жылды түзөт. Белгиленген талаптарга шайкеш келбеген учурда каттоону токтотуу же жокко чыгаруу чаралары каралган.
Жаңы тартиптин кабыл алынышы продукциянын коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана экспорттоочуларга коюлган талаптарды жогорулатууга багытталган.
Ошондой эле продукцияны баалоо жана рынокко киргизүүдө тобокелдикке негизделген ыкма киргизилди.
Департамент чарба жүргүзүүчү субъекттерге жаңы талаптарга алдын ала даярданууну жана зарыл болгон учурда консультация алуу үчүн кайрылууну сунуштайт.
Департамент ата мекендик экспорттоочуларды каттоо системасы менен иштөөдө жана кытай тарап менен өз ара аракеттенүүдө мындан ары да колдоону улантат.

