Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде облустук жетекчиликтен маалымдашты.
«Кыргызстан аэропорттору» ишканасы Өзбекстандын Ташкент шаары менен Кыргызстандын Ош шаарынын ортосунда Centrum Air авиакомпаниясынын түз аба каттамы ачты.
1-апрелде алгачкы учуу аткарылып, 95 жүргүнчү тейленди.
Ташкент-Ош багыты боюнча буга чейин түз авиакаттам болгон эмес.
Мындан ары жаңы учуулар ар жуманын шаршемби жана ишемби күндөрү жүргүзүлөт.

