Кыргызстанда алгачкы жолу боорду алмаштыруу операциясы жасалуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Алгачкы жолу жасалуучу операция үчүн Улуттук хирургия борборунун боор хирургиясы бөлүмү оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул үчүн бюджеттен 5 миллион сом бөлүнүп, оңдоо иштерин февраль айынын ортосуна чейин бүтүрүү пландалууда. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иштердин жүрүшү менен таанышты.


«Биз боорду трансплантациялоо операциясын жасаганы жатабыз, бул Улуттук хирургия борборунун базасында ишке ашат. Биз борборду операцияга керектүү эң заманбап жана кымбат баалуу жабдуулар менен жабдыйбыз. Улуттук хирургия борборунун жалпы командасынан жакшы жыйынтыктарды күтөбүз», – деп белгиледи Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.


Ошондой эле операцияга катышуучу дарыгерлер тобу атайын окутуу үчүн Түркия мамлекетине жөнөтүлөт.


Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *