Кыргызстанда пенсионерлердин пенсиялык күбөлүгү “Түндүк” мобилдик тиркемесинде электрондук колдонуу үчүн жеткиликтүү болду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал кагаз түрүндөгү документ менен бирдей юридикалык күчкө ээ жана санарип документти мамлекеттик органдарга көрсөтүү талап кылынган бардык учурларда колдонсо болот. Бул бардык керектүү документтерди смартфонуңузда кармоого мүмкүндүк берет.
Санариптик документти колдонуу үчүн жаран төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:
— «Түндүк» мобилдик тиркемесин App Store же Play Marketтен жүктөө;
— Булуттук электрондук кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү;
— Тиркемеде «Санариптик документтер» бөлүмүнө өтүп, бул документтин санарип формасын колдонуңуз.
Министрлик мамлекет ыңгайлуу шарттарды түзүү менен жарандарга кам көрүп жатканын белгилейт.

