Президент Садыр Жапаров транспорт каражаттарынын айрым категорияларын жана аларга болгон менчик укугун онлайн каттоону убактылуу ишке киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду.
Эксперименттик режим 2026-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин күчүндө болот.
Бийлик бул долбоор санариптик кызматтарды сыноо жана мамлекеттик кызматтарды жөнөкөйлөтүү үчүн киргизилип жатканын билдирди. Эгер сыноо ийгиликтүү өтсө, туруктуу онлайн-каттоого өтүү үчүн өзүнчө ченемдик акт даярдалышы мүмкүн.

