Өзгөн районунунда өткөн аламан улакта 27 жаштагы эркек киши каза тапты

Алдын ала маалыматтарга караганда, улак тартышка катышкан жаран аты менен кошо сууга кулап, чөгүп кеткен.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун тургуну, 1999-жылы туулган А.У., минип жүргөн атын сугаруу үчүн Яссы дарыясына барган учурда, аттын буту тайып, суунун жээгиндеги жардан дарыяга кулап кеткен. Натыйжада жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Ошондой эле соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *