Кыргызстанда 1-февралдан тарта эркектердин ден соолугун текшерүү боюнча «Жооптуу бол!» аттуу бир айлык башталды.
Кампания 18 жаштан жогору эркектер арасында инфекциялык эмес ооруларды аныктоого жана дарттын алдын алууга багытталган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бир айлыктын алкагында үй-бүлө ээлери жашаган жери караган Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна же ФАПтарга кайрылышы керек.
Өткөн 2025-жылы өлкө боюнча 973 миң эркек киши жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу үчүн текшерүүдөн өткөн. Анын ичинен 119 миңден ашыгында кан басымы жогору экени аныкталган. Ал эми 49 миң кишиден жүрөк-кан тамыр ооруларынын жогору коркунучу байкалса, дагы 60,8 миң адамдан кант диабети табылган.
