Бул тууралуу МинКаб башчысы Адылбек Касмалиев Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын экинчи жыйынындагы сөзүндө билдирди.
«Учурдагы аймактык жана глобалдык чакырыктар бизден тилектештикти гана эмес, аймактык тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо үчүн конкреттүү, макулдашылган кадамдарды талап кылууда. Мындай шартта Түрк мамлекеттер уюму жөн гана кызматташтык платформасы эмес, жамааттык туруктуулуктун инструменти жана алдын ала чара көрүүчү механизм болушу керек.” – деди.
МинКаб башчысы өз сөзүндө Кыргызстан соңку 5 жыл аралыгында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча системалуу реформаларды жүргүзгөнүн белгилеп, Түрк инвестициялык фонду, “Түрк-Трейд” платформасы, Борбордук банктардын кеңеши, Жашыл каржылоо боюнча түрк кеңеши, ошондой эле Ташкентте, Бакуда жана Ысык-Көл жээгинде өткөрүлгөн бизнес-форумдар сезилерлик натыйжаларды алып келип жатканын билдирди.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 950 млн АКШ долларын түзгөн, анын ичинде Уюмга мүчө-мамлекеттерден – 220 млн АКШ доллар. Уюмга мүчө-мамлекеттер менен соода жүгүртүүнүн көлөмү болсо 3,3 млрд АКШ долларын түздү.
Ошондой эле ал, Уюмдун алкагындагы транспорттук кызматташтык жөнүндө сүйлөп жатып, кыргыз тарап Азербайжан жана Түркиянын ийгиликтүү тажрыйбасын эске алып, (e-CMR) электрондук жүк барагын этап-этабы менен киргизүүнү сунуштады.

