Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Иранга жалпы салмагы 129 тонна болгон гуманитардык жүк жөнөтүүдө.
ӨКМ билдиргендей, анын ичинен 66 тонна азык-түлүк — ун, эт консервалары жана өсүмдүк майы — жана 63 тонна дары-дармек бар.
Жүк ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаасынан турган колоннага жүктөлгөн. Иран тарапка өткөрүп берүү Кыргызстан элчиси Акылбек Кылычевдин катышуусунда ишке ашат.





