Мамлекеттик нотариустардын иштөө мөөнөтү өзгөрөт

Кыргызстанда мамлекеттик нотариустар 22-апрелден тарта ишемби күндөрү да иштеп баштайт. Бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу экендигин Юстиция министрлиги маалымдады. Мындан тышкары, Чүй облусундагы нотариустар да ишке тартылып, Юстиция министрлигинин кызматкерлери Бирдиктүү мамлекеттик нотариалдык кеңседе кеңеш беришет. Аны менен катар, стандарттуу нотариалдык аракеттерди жасоо, анын ичинде мурастык иштерди каттоо үчүн жарандар жеке нотариустарга да кайрыла алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *