Кыргызстанда уй жана кой этинин (сөөксүз эттен тышкары) баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-январындагы №3 буйрук күчүнө кирди.
Документтин алкагында Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрү өлкө аймактары боюнча эттин чектик чекене бааларын белгилешти.
Аймактар боюнча максималдуу баалар:
- Бишкек шаарында: уй эти — 720 сом/кг, кой эти — 710 сом/кг
- Чүй облусунда: 740–750 сомго чейин
- Нарын облусунда: райондорго жараша 620–680 сом
- Ысык-Көл облусунда: 680–740 сом
- Талас облусунда: 685–695 сом чегинде
- Ош шаарында жана Ош облусунда: 720–730 сомго чейин
- Жалал-Абад облусунда: 630–720 сом
- Баткен облусунда: уй жана кой эти — 700 сом/кг
Экономика министрлигинен билдиришкендей, бул чаралар баалардын өсүшүн ооздуктоо жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында көрүлүүдө.
Белгиленген баалардын сакталышын жергиликтүү антимонополиялык органдар көзөмөлдөйт.

