УКМКнын төрагасынын орун басарлары дайындылды

Президент Садыр Жапаров Алишер Эрбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору кылып дайындады.

Мамлекет башчы дагы бир тескемеси менен Уранбек Шадыбековду УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматын бекитти.

53 жаштагы Алишер Эрбаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон. 2016-2019-жылдары Мамлекеттик бажы кызматында иштеген. 2019-2021-жылдары УКМКда кызмат кылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *