Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 2-апрель таңкы саат 05:28де Кыргызстанда очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жердин силкиниши Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Кароол айылдарында 4,5 балл, Куршаб, Мырза-Аке, Красный-Маяк айылдарында 4 балл, Кара-Суу, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Салам-Алик айылдарында жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ичке-Сай айылында 3,5 баллга чейин сезилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *