Бүгүн, 8-апрелде, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, ал эми тоолуу райондордо кар жаайт.
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын басымдуу бөлүгүндө, ошондой эле Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын болот.
Мындан тышкары, тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт.
🔶 Чүй облусу: түнкүсүн 9…14°C, күндүз 12…17°C
🔶 Талас облусу: түнкүсүн 4…9°C, күндүз 10…15°C
🔶 Ош облусу: түнкүсүн 8…13°C, күндүз 14…19°C
🔶 Жалал-Абад облусу: түнкүсүн 8…13°C, күндүз 14…19°C
🔶 Баткен облусу: түнкүсүн 8…13°C, күндүз 14…19°C
🔶 Ысык-Көл облусу: түнкүсүн 4…9°C, күндүз 16…21°C
🔶 Нарын облусу: түнкүсүн 1…6°C, күндүз 16…21°C
🔶 Бишкек: түнкүсүн 11…13°C, күндүз 15…17°C


