Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов РФнын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников менен жолугушту.


Белгилей кетсек, жолугушуу Москвада өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттик комитеттеринин төрагаларынын III жыйынынын алкагында өтүп, анда эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук маселелери каралды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Шабданбек Алишев катышты. Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, саясий жана гуманитардык кызматташуунун негизги багыттарын, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.


Улан Примов Кыргызстан менен Россиянын ортосунда экономика, соода, коопсуздук, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун эбегейсиз зор потенциалы жана олуттуу перспективалары бар экенин белгиледи. Муну менен катар комитет төрагасы эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүгө токтолуп, КМШнын Эл аралык парламенттик ассамблеясынын жана ЖККУ ПАнын платформаларында парламентарийлердин натыйжалуу диалогуна көңүл бурду.
Ошондой эле эки өлкөнүн парламенттеринин тармактык комитеттеринин жыл сайын өтүүчү биргелешкен жыйындарынын алкагында жемиштүү кызматташуулар жүргүзүлүүдө”, – деди Улан Примов.
Жолугушууда миграция жаатындагы өз ара аракеттенүү маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду. Улан Примов Россияда иштеп жаткан кыргызстандык жарандардын бир катар актуалдуу маселелерине токтолуп, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары эмгек укуктарын ишке ашыруу үчүн жеңилдетилген шарттарга ээ болушу керектигин баса белгиледи. Ошону менен бирге ал Россия жаңыланган миграциялык саясатынын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек мигранттарынын абалынын начарлашына алып келе турган жаңы эрежелерди жана процедураларды кабыл албайт деп ишенерин билдирди.


Өз кезегинде Федералдык Жыйындын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашников кызматташуунун бардык багыттары боюнча эки тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин белгиледи.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *