Бул – өлкө боюнча түзүлө турган кыска мөөнөттүү 560 бакчанын алгачкысы. Бакча бир тайпага ылайыкташып, мында эки нөөмөттө түшкө чейин жана түштөн кийин 50 бала тарбияланат. Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Келечек үчүн билим берүү» долбоору бакча үчүн бардык шартты түзүп берди:
Маселен эки бөлмө толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, терезе эшиктери алмашылган гигиеналык шарттар түзүлүп килем жана оюнчук эмеерктер орнотулган. Негизгиси балдараятчасы курулган. Москва районунда жалпы кыска мөөнөттүү 16 бала бакча түзүлөт. Алар апрель айында бөбөктөр үчүн эшигин ачат.