Эрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Эрлист Акунбеков Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал бул кызматка Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди.

Акунбеков Ош шаарында төрөлгөн, Ош мамлекеттик университетин жана Москва мамлекеттик университетинин башкаруу багытын бүтүргөн. Буга чейин ал “ATS-Group” агроөнөр жай компаниясын жетектеп, жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы болуп иштеген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *