2002-жылдан тартып В гепатитине каршы эмдөө Профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген.
Жаңы төрөлгөн ымыркайларды эмдөө толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат, ал эми 1 жашка чейинки балдарды эмдөө Gavi — Глобалдык вакцина жана иммундаштыруу альянсы менен биргеликте жүргүзүлөт.
Жыйынтык — 2000–2020-жылдар аралыгында балдар арасында В гепатитинин оорусу болжол менен 145 эсеге кыскарган. Бул өлкөдөгү профилактикалык саясаттын эң ийгиликтүү мисалдарынын бири болуп саналат.
2022-жылдан тартып чоңдорду эмдөө башталган. Пилоттук долбоордун алкагында Роспотребнадзордун колдоосу менен 350 000 доза вакцина жана 140 000 экспресс-тест алынган. Программа алгач Чүй областында жана Бишкек шаарында башталып, кийин башка региондорго кеңейтилген.
2026-жылдын 1-февралына карата:
- 1 доза алган — 323 638 адам;
- 2 доза алган — 271 182 адам (83,8%);
- 3 доза алган — 195 092 адам (73,6%).
Бул чаралар чоңдор арасында жамааттык иммунитеттин деңгээлин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берди.


