Жалал-Абадда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалып, ал 2018-жылы” тоноо”, “зордуктоо” сыяктуу оор беренелер менен өмүрүнүн акырына чейин кесилип, бирок 2022-жылы системдүү коррупциялык схема менен эркиндикке чыгып кеткен. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жаза мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында жетекчиси Жусупбек Коргонбай уулу билдирди.


Комиссиянын жыйынына жумушчу топтун мүчөлөрү, түзөтүү мекемелеринде мыйзамдуулукту көзөмөлдөөчү прокурор, Башкы прокуратуранын Кылмыш, жарандык сот өндүрүшүн жана сот чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору, Жазаларды аткаруу кызматынын, Жогорку Соттун өкүлдөрү катышты.
Комиссиянын төрагасы, депутат Жусупбек Коргонбай уулу өз баяндамасында көптөгөн соттук чечимдер туура эмес чыкканын иликтөөлөр көрсөткөнүн билдирди.


Өтө оор кылмыштар менен өмүрүнүн аягына чейин абакка кесилген айрым бир соттолуучуларга кыска мөөнөт ичинде мунапыс колдонулуп, жаза мөөнөтүн өтөбөй абактан чыгарылган. Ошол эле учурда анча оор эмес кылмыштар менен отургандардын ырайым суроо өтүнүчү канааттандырылган эмес. Биз көп абактарды кыдырып чыктык, анда 4-стадияда рак оорусу менен ооруп жаткан аялдар, майыптар отурат “, – деди депутат.


Комиссиянын маалыматына ылайык, 2023-жылдын алты айында 501 соттолгон жаранга карата мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу тууралуу сотторго сунуш киргизилген. Анын ичинен 180 соттолгон жаран мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *