Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча аялдар күрөшүндө 2023-жылдагы “Дүйнөнүн мыкты балбаны” аталды. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында маалымдалды.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова бул жылы 3-жолу Дүйнө чемпиондугун, 5-жолу Азия чемпиондугун жана ошондой эле Азия оюндарында коло медаль жеңип алган.
Натыйжада Айсулуу Тыныбекова 95 миң 575 балл топтоп, азыркы учурда 62 кг чейинки категорияда дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.
Айсулуу Тыныбекова “Дүйнөнүн мыкты балбаны”аталды
