“Газпром Кыргызстан” декабрда газга көп акча чыкканынын себебин түшүндүрдү

Ишкана октябрь жана ноябрь айларында айрым газ эсептегичтер көрсөткүчтөрдү туура эмес жибергенин билдирди.

Жылдын акырында мурда топтолуп калган көрсөткүчтөр, анын ичинде үзгүлтүк болгон мезгилдеги маалыматтар алынган.

Натыйжада декабрь айындагы дүмүрчөктөрдө айрым абоненттер үчүн төлөм суммасы күтүлгөндөн жогору чыгып келген. Анда дээрлик эки ай ичиндеги керектөө кошулуп жазылган. Компания ыңгайсыздык үчүн кечирим сурады.

“Газпром Кыргызстан” газ эсептегичтер азыр кадимкисиндей иштеп жатканын билдирип, керектөөнү аралыктан эсептеген системанын ишин жакшыртууну убадалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *