ЖК Төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы мектептердин директорлору менен уюштурулган жыйынга катышты.
Жолугушууда 1-мартта баштала турган “Таза шаар” сынагы тууралуу маалымат берилип, бир айга созула турган өнөктүктү жеңген мектептерге чоң сыйлыктар каралганы айтылды.
Алсак, пластикалык калдыктарды чогултуу боюнча сынак 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин өткөрүлөт. Эң көп көлөмдө пластикалык калдыктарды чогулткан мектеп сынактын жеңүүчүсү деп табылат.
Эскерте кетсек, аталган долбоор Жогорку Кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Кыргызстан Кызыл Жарым Ай Коомунун көмөгү менен ишке ашырылганы турат.


