2024-жылдын 1-апрелине чейин жашап турууга уруксат же Орусия жарандыгын алган кыргызстандыктардын улуттук айдоочулук күбөлүктөрү 2025-жылдын 1-апрелине чейин жарактуу деп эсептелет.
Элчилик бул категориядагы адамдарга кыргыз айдоочулук күбөлүгүнүн негизинде Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте сынаксыз берүү каралганын маалымдады.
“Жашап турууга уруксаты же Орусиянын жарандыгы жок, транспорт каражаттарын башкаруу менен түздөн-түз байланыштуу ишкердик жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүн Орусиянын айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыруу талап кылынбайт”, – деп айтылат элчиликтин маалыматында.
Эске салсак, буга чейинки расмий маалыматтарда Орусияда жашап, иштеген кыргызстандыктардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылган. Ал жакта такси кызматтарында иштеген кыргыздар көп экени айтылып келет.