№7 Ош бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин саны онго жетти. Алар Авазбек Абдугапаров, Абдивали Балтабаев, Максатбек Маматкулов Бекболот Арзибаев, Бекмурза Эргешов, Калтарбек Кыдыров, Юлия Лилиенталь, Эмиль Караев, Нурлан Танабаев арыз берип, каттоого алынган. Аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматында учурда дагы төрт талапкер арыз берип жатканы айтылды.

Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу бүгүн, 28-март кечки саат 12де аяктайт. Талапкерлердин документтерин каттоо иштери 8-апрелге чейин болот. Ал эми үгүт иштери 8-27-апрелдин таңына чейин жүргүзүлөт.

Эске салсак, Буга чейин 13-мартта №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан депутат Айбек Осмонов мандатын өз арызынын негизинде тапшырганы кабарланган.

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *