Бишкекте «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалы өтөт

27–31-майда Бишкек шаарында салттуу маданият жана кол
өнөрчүлүк боюнча «ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалы өтөт.

Ага Кыргызстан баардык аймактарынан, Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринен 150дөн ашуун кол өнөрчү, дизайнер, сүрөтчү жана креативдүү тармактардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Фестивалдын коноктору эл аралык кол өнөрчүлөр жарманкесине, fashion кино
көрсөтүүлөргө катыша алышат. Ошондой эле шырдак, ала кийиз, курак, токуу, сайма, керамика жана кийиз басуу боюнча мастер-класстарга катышып, улуттук тамак-
аштарды даярдоо боюнча кулинардык сабактарда өздөрүн сынап көрүшөт.

Ошондой эле, фестивалдын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын
маданиятына эмгек сиңирген ишмер, UNESCOнун материалдык эмес маданий мурас
боюнча эксперти Динара Чочунбаевага арналган эскерүү күнү болот.

«ОЙМО 2026» XX юбилейлик эл аралык фестивалынын расмий ачылышы 27-май күнү саат 11:00дө Курманжан Датканын эстелиги жанында башталат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *