Мамлекет башчы Америка Кошмо Штаттары менен саясий диалогду өнүктүрүү Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналарын белгиледи. Мындан тышкары, кыргыз-америка парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү тууралуу да сөз болду.
АКШ сенатору Борбор Азия регионунун стратегиялык маанисине басым жасап, региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосунда көп пландуу диалогду улантууну жактай тургандыктарын тастыкташты.

