Кимдер мамлекеттик кызматка сынаксыз өтө алат? Президент жаңы жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервин түзүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Сынаксыз, жеке арызы менен кадрлар резервине төмөнкү жарандар киргизилиши мүмкүн:

—квалификациялык талаптарга жооп берген мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар;

—«Акылман» лицейин кесиптик билим алуу менен аяктагандар;

—«Эл умүтү» программасы боюнча чет өлкөлүк ЖОЖдорду бүтүргөндөр;

— Кыргызстандагы өзгөчө статустагы ЖОЖдорду артыкчылык диплому менен аяктагандар.

Бардык талапкерлер тиешелүү кызматтардын квалификациялык талаптарына жооп бериши керек.

Мамлекеттик кызматтагы сынактарга арыздар эми e-Kyzmat порталындагы жеке кабинет аркылуу электрондук документтер менен берилет. Арыз кабыл алуу мөөнөтү кеминде 10 календардык күн болот.

Талапкерлер тууралуу маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системалар жана зарыл учурда ИИМ аркылуу текшерилет.

Өзгөчө тартипте сынаксыз дайындалган кызматкерлер кадрлар резервине конкурс аркылуу гана кире алышат. Аларды, негизинен, кызматта кеминде 1 жыл иштегенден кийин ротациялоого болот.

Жарлык 7 күндөн кийин күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *