Кыргызстанда жеңил автоунааларды сатууда 2029-жылга чейин салыктык жеңилдиктер киргизилди

Мамлекеттик салык кызматы Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө киргенин билдирди: жеңил автоунааларды (ТЭИ ТН 8703) сатууда жеңилдиктер 2029-жылдын 1-январына чейин колдонулат. Жеке жактар авто сатканда бир катар салыктардан толук бошотулат.

Эми мындай салыктар алынбайт:
-унаа сатуудан түшкөн кирешеге киреше салыгы;
-транспорт сатууда КНС жана сатуудан алынуучу салык;
-бул операциялардан түшкөн кирешеге пайда салыгы.

Мындан тышкары, бир жыл ичинде экиден ашык авто сатуу мындан ары системалуу ишкердик ишмердүүлүк катары эсептелбейт — бул ченем жарандарга гана тиешелүү, ИП же юридикалык жактарга жайылтылбайт.

Дагы бир жаңылык — салык мунапысы: 2026-жылдын 1-январына чейинки авто сатуу кирешелери боюнча салыктардан, туумдардан жана санкциялардан бошотуу каралган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *