Кыргызстанда митингдерди атайын белгиленген жайларда уюштуруу сунушталды

Кыргызстанда «Тынч жыйындар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ 12-мартта Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Сунушка ылайык, митингдер жана акциялар атайын белгиленген жерлерде гана өткөрүлүшү мүмкүн. Бул жерлерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, митинг өтүүчү жерлерди жергиликтүү бийлик аныктайт жана
катышуучулардын жүрүү багыттарын да бийлик белгилеши мүмкүн.

Азыркы мыйзамда мамлекеттик органдар митингдин жери, убактысы же маршрутуна кийлигишүүгө укуксуз. Жаңы мыйзам долбоору бул норманы өзгөртүүнү сунуштайт.

Документтин авторлорунун айтымында, мындай өзгөртүү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн керек.

Ички иштер органдарынын маалыматы боюнча, 2020–2023-жылдары Кыргызстанда 3740 митинг жана акция өткөн, анын ичинен 1727си Бишкекте уюштурулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *