Кыргызстанда «Жеңил» аттуу жаңы жеңилдетилген автокредит программасы башталды. Анын алкагында мамлекеттик кызматкерлер жана бюджеттик тармакта иштегендер 4% үстөк менен жаңы унаа сатып ала алышат.
Программага мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер, дарыгерлер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана башка бюджеттик мекемелердин кызматкерлери катыша алышат.
Автокредит 3 же 5 жылга чейин берилет. Ошондой эле кредитти алгачкы төлөм менен же алгачкы төлөмсүз алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

