Эгемендүүлүк күнүнө карата Балыкчы–Кочкор темир жол линиясындагы Кочкор станциясын ачуу пландалууда

Бул тилкенин курулушу 2022-жылы башталган жана 1991-жылдан кийин Кыргызстанда курулуп жаткан биринчи жаңы темир жол тармагы болуп эсептелет.

Узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы–Кочкор темир жол тилкесинин курулушу — бул «Кыргыз Темир Жолу» ишканасынын эгемендүүлүк жылдарындагы алгачкы ири долбоору гана эмес, Кара-Кече көмүр кенине бара турган келечектеги темир жолдун негизи болуп саналат.

Белгилей кетсек, азыркы учурда колдонулуп жаткан темир жолдордун баары Кыргызстанга СССР мезгилинен мураска калган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *