Дарыгерлердин айлыгы 1-апрелден тарта 100%га көтөрүлөт

“Анын ичинде ай сайын дарыгерлер менен медайымдардын маянасына президенттик фонддон 15 миң сом кошулат. Аз болсо да дарыгерлерибизге стимул болот деп ойлойбуз”, — деди саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Тилек Маматалиев.

Ал ошондой эле аймактарда иштеп жаткан жаш адистердин 3 айда бир ала турган депозити 33 миң сомдон 66 миң сомго көтөрүлгөнүн кошумчалады. Маматалиев учурда 500 дарыгер депозит аларын, жыл аягына чейин дагы 2 миң адиске депозит берүү пландалып жатканын билдирди.

Мындан тышкары, алыскы региондордо иштеген тартыш адистерге — неонатологдорго, педиатрларга жана реаниматологдорго ай сайын 20 миң сомдон кошумча акча берилүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *