Жогорку Кеңештин ишин эми ЖИ-алып баруучулар чагылдыра баштайт

Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи жолу парламенттин ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн жасалма интеллект технологиясы киргизилди.

«Мырза Мыйзам» жана «Айым Кеңеш кызы» аттуу ЖИ-теле алып баруучулар түзүлүп, алар депутаттардын иши, күндүн жыйынтыгы жана жума ичиндеги окуялар тууралуу санариптик форматта маалымат беришет.

Маалыматта ЖИни колдонуу убакытты жана каржылык ресурстарды үнөмдөөгө, адам факторун азайтууга жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталганы айтылды. Долбоор Төрага Марлен Маматалиевдин парламенттин ишин санариптештирүү стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *