Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) командачысынын кеңешчиси, генерал Эбрагим Жаббари чечим бардык кемелерге тиешелүү экенин айтты.
Ормуз кысыгы — дүйнөдөгү мунай жана газдын 18-20% өткөн жол. Буга чейинки эсептөөлөргө ылайык, Иран кысыкты бир айга жапса, Евробиримдикте газдын баасы 130%га чейин өсүшү мүмкүн. Анын жабылышы мунай жана газдан өндүрүлгөн башка товарлардын, анын ичинде авиаотундун да баасына олуттуу таасир этет.


