Садыр Жапаров: Ош шаарында 10 мектептин пайдубалынын түптөлүшү жеке эле Ош шаары үчүн эмес, жалпы өлкөбүз үчүн чоң окуя

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-апрелде, Ош шаарында Турукташтыруу фондунун эсебинен 10 орто мектептин курулушун баштоо аземине катышты.

Иш-чара Мамлекет башчысынын Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында өттү.

Салтанаттуу аземди ачып жатып, Президент сөз сүйлөп, билим берүү тармагындагы бардык ийгиликтерди ар дайым колдой турганын белгиледи.

“Кайсы гана өлкөнү албайлы, илим-билимдин аркасында гана өнүгүү жолуна түшкөндүгүнө тарых барактарынан күбө болуп келебиз. Кезинде даанышман, ойчул бабабыз Жусуп Баласагындын: “Билим – бийик, түгөнбөс, окуу — улук, Адам үчүн бул эки артыкчылык” деп айтканы бар. Мына ошондуктан биздин экинчи борборубуз Ош шаарында 10 мектептин пайдубалынын түптөлүшү жеке эле Ош шаары үчүн эмес, жалпы өлкөбүз үчүн, жамы журтубуз үчүн чоң окуя десем жаңылышпаймын”, — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Оштогу билим берүүнүн учурдагы абалына токтолду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *