Дагестанда жана Чеченстанда чукул кырдаал режими киргизилди

Дагестанда жана Чеченстанда суу ташкындан улам федералдык деңгээлдеги чукул кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Александр Куренков Махачкаладагы өкмөттүк комиссиянын жыйынында билдирди.

Суу ташкыны март айынын аягында, апрелдин башындагы нөшөр жаандан улам башталган. Өзгөчө оор абал Дагестанда. Республика 28-мартта жана 4-апрелде эки жолу суу ташкынын башынан өткөрдү, экинчи толкун кыйла кыйратып кетти.

Акыркы маалыматтарга караганда, суу ташкындан алты адам набыт болду, 6200дөн ашык киши жабыркады. Сел жана жээктен ташыган дарыялар жүздөгөн үйлөрдү, жолдорду талкалады, суу булганып, ондогон адамдар электр жарыгысыз калышты. Ушул тапта Дагестанда 1091 үй, 1146 короо жана 70тен ашуун жол суу каптаган бойдон турат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *