Ош шаарында “Би-Би Мариям” аталышындагы жеке балдар бакчасынын жетекчиси милицияга пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарында жайгашкан “Би-Би Мариям” аталышындагы балдар бакчасынын ишмердүүлүгү текшерилип жаткан. Мындай текшерүүгө айрым интернет булактарында аталган балдар бакчасынын жаш тарбиялануучуларына Кыргыз Республикасынын балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына туура келбеген, атайын тарбиялоо программасына карама-каршы келип, талаптарга жооп бербеген диний сабактарды башка улуттун кийимдерин кийгизип өткөрүп жаткандыктары тууралуу видеороликтер себеп болгон.
Аталган иш боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте териштирүү жургүзүп жатышкан.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, 2024-жылдын 19-январь күнү аталган бакчанын 1970-жылы туулган жетекчиси өз кызыкчылыгын коргоп, жогоруда аталган фактылар боюнча текшерүү иштерин токтотууну көздөп, ал үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерине пара сунуштаган. Балдар бакчасынын жетекчиси ыкчам кызматкерге 20 миң сом өлчөмүндөгү пара берип жаткан учурда Ош ШИИБнын жана УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.
Азыркы учурда аталган факты боюнча Ош ШИИБнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз республикасынын кылмыш кодексинин 354-беренеси ( пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатат.

