Нарын облусундагы ооруканаларга 20 кызматтык автоунаа тапшырылды

Бүгүн, 2-февралда, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусундагы медициналык мекемелерге 20 кызматтык автоунаа тапшырды.

Анын айтымында, бул унаалар калкка ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдонулат.

Унаалар облустук жана райондук мекемелерге, ошондой эле төрөт бөлүмдөрүнө бөлүштүрүлдү.

Эң көп автоунаа Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна — 4, Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүнө — 3, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Жумгал райондук борборлоруна — ар бирине 3төн берилди. Буга чейин аймакта кызматтык транспорт жетишсиз экени айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *